ӨЗГӨН РАЙОНУНДА МЕКТЕП-КОЛЛЕДЖ-УНИВЕРСИТЕТ ИННОВАЦИЯЛЫК КЕСИП ТАНДОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  Кыргыз Республикасынын “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” программасын ишке ашыруу максатында, 2019 – жылдын 2 – 3 апрелинде МЕКТЕП-КОЛЛЕДЖ-УНИВЕРСИТЕТ инновациялык кесип тандоо борборунун филиалы  Ош областынын Кара – Кулжа жана Өзгөн районунда ачылды.

  Буга чейин ЭИТУда райондордо  кесип тандоо борборун ачуу боюнча кызуу даярдыктар көптөн бери жүрүп келген. Анын максаты: орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө кантип кесипти туура тандоо керек экени жана ЖОЖдорго тапшыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Кесип тандоо борбору Куршаб айылындагы Ленин атындагы №5 орто мектепте ачылып, башкы директору болуп Эшназаров Алмазбек Баймурзаевич дайындалды.

   Официалдуу ачылышка Эл аралык инновациялык технологиялар университетинен, Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинен  жана Эл аралык медициналык университетинен окутуучулар барышты. Окутуучулар тараптан, райондук мектептердин жана лицейдин мугалимдеринин ж.б. стейкхолдерлердин (ата-энелер, жумуш берүүчүлөр, жергиликтүү мамлекеттик башкаруу органдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн адистери ж.б.)  квалификациясын жогорулатууга арналган окуу-тренингдер өттү. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды.

   Андан сырткары, ЭИТУдан барган алты студент Өзгөн районундагы мектептер арасында интеллектуалдык оюн өткөрүштү. Жалпысынан 40 мектеп катышкан бул таймаш абдан кызуу өтүп, жыйынтыгында 1 орунду камсыз кылган 5 окуучуга ЭИТУдан 50% арзандатуу менен окууга жолдомо алышты. Экинчи орунду камсыз кылгандарга 30%, ал эми үчүнчү орунду камсыз кылгандарга 20% арзандатуу менен окууга жолдомо берилди.

   Ушундай эле интеллектуалдык оюн Кара-Кулжа районундагы 30 мектеп арасында өткөрүлдү. Бул жакта дагы таймаш абдан кызуу өтүп, окуучулар берилген тапшырмаларга жана логикалык суроолорго так жана тууура жооп берип, өздөрүнүн билим деңгээлинин жогору экенин көрсөтүштү. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө дагы 50%, 30%, 20% арзандатуу менен окууга сертификаттар тапшырылды.

 Кесип тандоо борборунун ачылышына айыл тургундары жакшы каалоо тилектер айтышты.