Бүтүрүүчүлөрдүн кесипке багыттоосу

  • Рубрика записи:НОВОСТИ

Көптөгөн жылдардан бери биздин колледж университет менен биргеликте кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп келет. Эпидемиологиялык оор кырдаалга карабастан, Бишкектеги компьютердик системалар жана технологиялар колледжи кесипке багыт берүү иштерин улантууда. Бул сапар, 2021-жылдын 19-майынан 22-майына чейин, директордун орун басары Давлетбекова А.Д. бардык сактык чараларын сактоо менен Нарын облусунун Кочкор районуна барып, Кочкор, Семиз-Бел, Кара-Тоо, Жаңы-Жол айылдарында 9 жана 11-класстын окуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Айрым мектептер бүтүрүүчүлөрдүн, класс жетекчилеринин жана мектеп администрациясынын катышуусунда видеотасмаларды тартып, онлайн бүтүрүү иш-чараларын даярдоо жүргүзүлүп жаткан убакыт экен, биздин өкүл ушундай иш-чарага келип, мындай майрамдарга катышканына кубанды.

А.Д. Давлетбекова мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо сөзүнөн кийин, өспүрүмдүн тандоосу бар: окууну улантуу үчүн колледжге баруудан баштоону сунуштады; маалымат, агитация, түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, кесиптик жактан өнүгүүгө умтулууга жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тандоо жасоого үндөдү.

Ошондой эле, колледждин окуу процессине байланыштуу бардык суроолорго жооп берди: билим берүү иш-чараларынын режими, окутуу жүргүзүлүп жаткан адистиктер жана кабыл алуу шарттары жөнүндө, окутуунун наркы, колледждин конкурстук иш-чараларга катышуусу, бүтүрүүчүлөргө суроо-талап жана ЖОЖдордо билим алуу мүмкүнчүлүгү. Онлайн тестирлөөдөн жана интервьюдан кантип өтсө болору жөнүндө маалымат берилди. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Университеттик комплексинин студенттери маданий, спорт, эс алуу иштери тууралуу маалымат, жаштар борборунун жана студенттик парламенттин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Мектеп окуучуларына кесиптик багыт берүүчү буклеттер, китепчелер, баракчалар ж.б. материалдар таратылды.

Өтө белгилей кетчүү нерсе, Кочкор районундагы мектеп администрациясы жана мектеп бүтүрүүчүлөрү, болочок абитуриенттер-2021 менен жолугушуу үчүн биздин өнөктөш – иш берүүчүлөр, кызыкдар тараптар У.Т.Белекбаев жана Д.М.Бердибаева менен сүйлөшүүлөр алыстан жүргүзүлдү.

Автор: Давлетбекова А.Д.