Квалификацияны жогорулатуу

  • Рубрика записи:НОВОСТИ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 24-мартындагы № 289/1 буйругу менен бекитилген жана Азия өнүктүрүү банкынын “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр” долбоору тарабынан каржыланган “Аккредитация жана билим сапатын камсыздоонун актуалдуу проблемалары” аттуу орто кесиптик окуу жайлары үчүн окутуу семинары борбор калаабыздагы “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде 2021-жылдын 20,21,22-апрелинде өткөрүлдү.

Бишкектеги компьютердик системалар жана технологиялар колледжинин директорунун орунбасары Давлетбекова Айзада Давлетбековна үч күндүк семинарга активдүү катышкандыгы үчүн сертификатка ээ болду.