Бишкектеги компьютердик системалар жана технологиялар колледжинин түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгондугуна байланыштуу таалыкпай эмгек жасаган мугалимдерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин АРДАК ГРАМОТАСЫ менен “Информатика, компьютердик технологиялар жана дизайн” бөлүмүнүн ага окутуучулары Абдиев Азамат Шейшенбаевич жана Давлетбекова Айзада Давлетбековна сыйланды.
2021-жылдын 26-майында студенттердин жана жаш окумуштуулардын илимий баяндамаларынын илимий-практикалык конференция-конкурсунун алкагында “ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ЖАНА ӨНҮКТҮРҮЛГӨН ЧЕЧИМДЕР” Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин 15 жылдыгына арналган иш-чарада салтанаттуу түрдө биздин жетекчибиз Бегалиев Улугбек Турдалиевич Ардак грамоталарды жана башка сыйлыктарды тапшырды.
Давлетбекова А.Д. 2003 – жылдан тарта илимий–педагогикалык тармакта иштеп келүүдө. Окуу жайдын 2005-ж. түзүлгөнүнөн баштап үзүрлүү эмгектенип, азыркы убакка чейин ага окутуучу жана окуу-тарбия боюнча директордун орун басары болуп иштеп келет. КОМТЕХНО колледжинде окуу процессин уюштурууда ишке уникалдуу мамилеси жана сабак өтүүдөгү өзгөчөлүктөрүн, Педагогика багыты боюнча тажрыйбалуу окутуучу, аккредитация жана аттестация боюнча компетенттүү эксперт, жогорку квалификациялуу окутуучу катары жана жаӊы муунду тарбиялоодо сиӊирген эмгегин белгилеп кетсек болот.
Абдиев А.Ш. окуу жайдын өнүгүшүнө жана орто кесиптик квалификациялуу кадрларды даярдоодо кошкон салымы өтө зор, «Айлана-чɵйрɵнү кɵркɵмдɵɵ» адистиги боюнча кɵптɵгɵн бүтүрүүчүлɵрдү жетектеген,
жыл сайын өтүүчү студенттик илимий-практикалык конференцияларда жетекчи катары активдүү катышып келет. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери жана билим тармагындагы кошкон салымы үчүн сыйланды.
Автор: Давлетбекова А.Д.



