2023-жылдын 22-сентябрында Бишкектеги компьютердик системалар жана технологиялар колледжинде 23 – сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата “Улут болсоң – тилиң менен улутсуң” аттуу салтанаттуу иш чара өткөкрүлдү.
Салтанаттын катышуучуларын ЭИТУнин ректору Бегалиев У.Т жана Мамлекеттик тил боюнча проректор Матыева А.К куттукташты.
Студенттер маанилүү иш-чарага карата концерттик программа даярдап, кыргыз тилиндеги ырларды аткарып, студенттер арасында Дубал газетасы сынагы уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышып, Улуу Манастын тилин билгендигин көрсөтүштү.
Иш-чаранын уюштуруучулары колледждин ага окутуучулары Шапкулова А.А жана Омуркулова Г.М.









