КОМТЕХНО кызматташат

  • Рубрика записи:НОВОСТИ

2021-жылдын 20 жана 21-майында Кочкор районундагы орто мектептердин жана гимназия мектептеринин директору, администрациясы менен жолугушуу болуп өттү. Баарлашуунун жүрүшүндө колледждин кызматташуу боюнча жооптуу – директордун орун басары Давлетбекова А.Д. биздин окуу жайдын келечектүү адистиктери жөнүндө, университеттин окутуу багыттары жана окутуунун формалары, ошондой эле Университеттик комплексиндеги окутуунун наркы жөнүндө кеңири айтып берди. Жарнамалык материалдар, брошюралар, буклеттер берилди. Сүйлөшүүнүн аягында Айзада Давлетбековна Университеттин ректору, колледждин директору Бегалиев Улугбек Турдалиевич кол койгон Кызматташуу келишимин тапшырды. Ошентип,  Университет менен мектептердин, жана колледж менен мектептердин ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлду, алар төмөнкүлөр:

  • Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы, директору Турсуналиев Т.И. (Кочкор айылы)
  • Капар Кыдыралиев атындагы орто мектеби, директору Эрмекова Э.Э. (Кочкор айылы)
  • Калыгул Бай уулу атындагы орто мектеби, директору Арунов Э.А. (Кочкор айылы)
  • Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп-гимназиясы, директору Кичинебатыров Д.А. (Кочкор айылы)
  • Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектеби, директору Исаев Т.У. (Кара-Тоо айылы)
  • Турсун Темирова атындагы орто мектеби, директору Турдугожоев А.М. (Жаңы-Жол айылы)
  • Арзымкан Бостонов атындагы орто мектеби, директору Чаарчокиева С.А. (Семиз-Бел айылы)

Тараптар беш жылдын ичинде мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө макулдашышты.

Иш сапарынын аягында биздин кызматкер Давлетбекова А.Д. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Аманбекович Бактыгулов менен жолугушту. Кочкор районуна “TANDOO” кесиби боюнча инновациялык борбор ачуу сунуштады.

Билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташуунун максаты –”Мектеп-Колледж-Университет” схемасы боюнча инновациялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө орто жана жогорку кесиптик билимдин квалификациялуу адистерин кесиптин “TANDOO” инновациялык борбору аркылуу даярдоо.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары да өркүндөтүп, диалогду биздин жетекчилик менен кийинки онлайн жолугушууда улантууга макулдашышты.

 

Автор: Давлетбекова А.Д.