Кыргыз тили майрамы

  • Рубрика записи:НОВОСТИ

«Кадырлуу мекендештер!
 Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз.
Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов айткандай, „Тил — улуттун автопортрети менен бейнеси“. Ошондуктан биз мамлекеттик тилибизге болгон камкордугубуз аркылуу мамлекетке болгон мамилебизди билдиребиз.
1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили „мамлекеттик тил“ деп жарыяланган. Ал кезде бул кадамга баруунун өзү чоң эрктүүлүктү талап кылган. Эне тилибиздин „мамлекеттик тил“ деп жарыяланышы элибиздин чоң жетишкендиктеринин бири болду.
29 жыл ичинде коомубузда мамлекеттик тилге кызыгуу артып, бала бакчаларда, мектептерде, мамлекеттик органдарда кыргыз тили кеңири колдонулуп, эне тилибиз адеп-ахлактын, билимдин тилине айланды.
Кыргыз мектептерде окуп, кыргызча билим алгандар көбөйдү. Кыргызстанда убактылуу жашап жана иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар жана ыктыярчылар кыргыз тилин үйрөнүшүүдө🔥