Вы сейчас просматриваете Кыргыз тили жана Айтматов ааламы

Кыргыз тили жана Айтматов ааламы

  • Рубрика записи:НОВОСТИ

2023-жылдын 12- декабрында Бишкектеги компьютердик системалар жана технологиялар колледжинде
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын 2023-жылдын 18-сентябрында бекитилген “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында “Кыргыз тили жана Чыңгыз ааламы» темасындагы адабий кече 12-декабрь Улуттук Адабият күнүнө карата өткөрүлдү. Колледждин студенттери жазуучуну даңазалаган чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахна бетинде көрсөтүп, Ч.Айтматовго арналган ыр саптарын көркөм окушту. Адабий кече ырчылардын, бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен менен коштолду.Иш-чара Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, жаш муунду мекенчилдикке, табиятты коргоого жана сактоого, адамгерчиликке, мыкты сапаттарга тарбиялоо максатында колледждин ага окутуучулары Шапкулова А.А жана Омуркулова Г.М тарабынан уюштурулду.