23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, ошол кундөн кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамы берилген.
Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.
23-сентябрь Компьютердик системалар жана технологиялар колледжинде Мамлекеттик тил майрамы салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарада студенттер эне тилдин баркын бийиктеткен ырлардан көркөм айтып беришти. Тил майрамында комуз күүсү жаңырып, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды. Кыз-жигит топторунун акыйнек жана макал-лакаптарды айтышуу салттары чагырылды.
Жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!








